АДАМ САТУУ ЖАНА МАЖБУРЛАП ИШТЕТҮҮ

ЭГЕР СИЗ ӨЗҮҢҮЗ, ЖАКЫН АДАМДАРЫҢЫЗ, АДАМ САТУУНУН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУ ДЕП ШЕК САНАП ЖАТСАҢЫЗ, ДАРОО ТУУГАНДАРЫҢЫЗГА ЖЕ КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНДАРГА (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСУЛДУГУНА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛЧИЛИГИ), МИЛИЦИЯГА/ПОЛИЦИЯГА КАЙРЫЛЫҢЫЗ!

МААЛЫМАТТАР

Адам сатуу
жана мажбурлап иштетүү

150

Бүгүнкү күндө ар бир 150-АДАМ кулчулуктун жаңы түрлөрүнө кабылууда

Булагы: БУУнун отчету 12.09.2022 ж.

50000000



Дүйнөдө 50 МИЛЛИОН адам кулчулукта жашап келет

Булак: “Азыркы кулчулукка байланыштуу глобалдык балоо: мажбурланган эмгек жана мажбурлап никеге туруу” Эл аралык миграция боюнча уюм (ЭМУ) жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) тарабынан даярдалган

28000000



Кулчулукта жүргөндөрдүн 28 МИЛЛИОНУ мажбурланган эмгектин тузагында,

22000000



ал эми 22 МИЛЛИОНУ – мажбур никенин курмандыгы

Булак: “Азыркы кулчулукка байланыштуу глобалдык балоо: мажбурланган эмгек жана мажбурлап никеге туруу” Эл аралык миграция боюнча уюм (ЭМУ) жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) тарабынан даярдалган

3300000



Заманбап “кулдардын” ичинен 3,3 МИЛЛИОНУ жаш балдар, болжол менен алардын жарымына жакыны секс кызматын көрсөтүүгө мажбур

Булак: “Азыркы кулчулукка байланыштуу глобалдык балоо: мажбурланган эмгек жана мажбурлап никеге туруу” Эл аралык миграция боюнча уюм (ЭМУ) жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) тарабынан даярдалган

10000000000



Адам сатуу – дүйнө жүзү боюнча көп миллиарддаган сумманы чапчыган кылмыштуу бизнес

Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) маалыматы боюнча, азыркы учурда 21 миллионго жакын эркектер, аялдар жана балдар ар түрдүү мажбурлоочу эмгекке тартылып, жылына 150 миллиард доллар мыйзамсыз киреше алып келишет.

Кулчулуктун заманбап түрлөрүнө кабылган адамдардын тагдырлары

БАРДЫК КААРМАНДАР ЖАНА СҮРӨТТӨЛГӨН ОКУЯЛАР ОЙДОН ЧЫГАРЫЛГАН. ЧЫНЫГЫ ОКУЯ ЖЕ АДАМДАРДЫН ТАГДЫРЫНА ДАЛ КЕЛҮҮ БУЛ КОКУСТУК БОЛУП САНАЛАТ

АЗГЫРЫК СУНУШ

Жеңил акча менен катаал чындыктын ортосунда тандоо жөнүндө окуя. Кыргыздын жигити Абдырай жакшы жашоо издеп сапарга аттанат. Бирок жаркыраган келечектин убадасы катары башталган нерсе, чындык эң коркунучтуу күтүүлөрдөн ашып түшкөн трагедияга айланды.

ТУУГАН

Кыргызстандык Алина аттуу жаш кыз жакшы жашоо үмүтү менен чет өлкөгө кетет, бирок аны эмне күтүп турганын билбейт. Чет өлкөдө иштөө коркунучуна карабастан, Алина коопсуздукка жана коргоого ишенет, анткени жакын тууганы тарабынан сунушталган

КУЛЧУЛУКТАГЫ 8 ЖЫЛ

Казакстанда кулчулукта 8 жыл иштеген Мелистин окуясы. Ал күчтүү адамдын эбегейсиз чоң үйүрлөрүн кайтарууга жана коркунучтуу шарттарда жашоого аргасыз болгон. Бул жылдар бою апасы аны издеп жүргөн.

КАПАСТАГЫ БИЙ

Бишкектен чогуу окуган Аида менен Гузеля ийгиликтүү өткөн сессияны бий клубунда майрамдоону чечишти. Алардын таланты эки адамдын көңүлүн буруп, аларга кесипкөй бийчи болууну сунушташкан.